• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мухамметкалый Абулгазиев ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кулаган «Боинг-747» учагынан жабыркаган жарандар үчүн ачылган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр КР ӨКМ атайын эсеби 2017-жылдын 15-мартында жабылганын, жалпы болуп 96 млн. 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев акчалай каражатты бөлүштүрүүгө Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, авиа кырсыктан жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары катыша турганын кошумчалады. Жыйында Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү каражатты бөлүштүрүү тууралуу өз сунуштарын айтышты.

Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырып, бөлүштүрүү процедуралары так жана ачык болушун баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма – ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маселесин, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга атайын эсеп ачуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган.

Пикир

Оставить комментарий