• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мухамметкалый Абулгазиев Кочкор районундагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барып, бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев Большевик айылындагы 1976-жылы курулган насостук станциянын абалы менен таанышты. Оңдоо иштерине 18 млн. сом керектелет. Учурда 200 м жаңылоого муктаж болгон түтүктөрдүн 100 м оңдолуп, ага 2 млн. 84 миң сом каражат сарпталган.

Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Тогуз-Булак суу башатындагы резервуар жана суу тазалоочу жайдын, Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусундагы дамбанын жана Дөң-Алыш айылындагы дренаждык системанын абалы менен да танышты.

Түштөн кийин Биринчи вице-премьер-министр Кара-Мойнок айылындагы Ишеналы уулу Абылгазы атындагы орто мектептин жана Комсомол айылындагы С.Өмүрбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Ар бири 225 окуучуга ылайыкталган мектепттердин курулушу «Жерүй» ишканасынан түшкөн каражаттын эсебинен бүткөрүлдү.

Мухаметткалый Абулгазиев жаздын келиши менен суу тосмолордун даярдыгын текшерүү максатында Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо жолундагы көпүрөнүн абалы менен да таанышты.

1970-жылы пайдаланууга берилген көпүрө эскилиги жетип, оңдоого муктаж. Кочкор районунун түндүк тарабында жайгашкан Семиз-Бел жана Кум-Дөбө айыл өкмөттөрүндөгү жети айылдын элин райондун борбору менен байланыштырып турат. Көпүрөнү ондоо боюнча жаңы долбоордун сметалык наркы 95млн. 321миң сомду түзөт.

Көпүрөнүн авариялык абалын көргөн Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга, суу ташкындарынан элдин коопсуздугунун алдын алуу максатында оңдоо иштерин убагында баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий