• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мухамметкалый Абулгазиев учак кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 6-апрелде 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кыйраган «Боинга-747» авиа кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолугуп, түрктөр тарабынан төлөнүүчү компенсация тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ал жакында эле «Боинг-747» учагы таандык болгон «ACT Airlines» авикомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукканда каза болгондордун туугандарына, денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга, мамлекетке келтирилген зыяндар жана жарандардын чыгымдарын төлөп берүү тууралуу сүйлөшкөнүн эске салды.

Мухамметкалый Абулгазиев жабыркагандарга жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 600 миң АКШ доллары (42 млн сомдой) каражат түшкөнүн кошумчалады. Которулган сумма буга чейин авиакырсыктын жалпы чыгымдарын эсептеп чыккан Өкмөттүк комиссия тарабынан аныкталган 195 млн сомдун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ал түрк тарап да тез аранын ичинде керектүү болгон компенсацияларды төлөп берүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жолугушууга келгендерди комиссия жабыркагандардын бардык сунуш эскертүүлөрүн эске алуу менен ишти ачык жана таза улантарына ишендирди. Ошондой эле аларга керек болгон учурда укугун коргоого жана кызыкчылыгына байланыштуу болгон юридикалык маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүүлөөрүн билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, өлкөнүн Өкмөтү жабыркагандардын кызыкчылыгын негизги коргоочу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий