• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мухамметкалый Абулгазиев учак кырсыгынын натыйжасында ата-энесинин камкордугусуз калган Жакшылыктын туугандары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 20-февралда 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунда «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында ата-энесинин камкордугусуз калган Жакшылык Шералиевдин туугандары менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр учурда Жакшылык убактылуу жашап жаткан чоң атасынын үйүнө барды.

Сүйлөшүү учурунда Мухамметкалый Абулгазиев мамлекет тарабынан бардык жардамдар берилерин баса белгиледи. Мындан сырткары ал, түрк тарап эки баланын окуусуна байланыштуу болгон материалдык чыгымдарды анын катарында Жакшылыктын да чыгымдарын өз жоопкерчилигине ала тургандагы тууралуу билдиргенин маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министр туугандары менен кандайдыр бир маселе жарала турган болсо ал Өкмөткө кайрылса боло турганын билдирди.

Өз кезегинде Жакшылыктын чоң атасы ушул күнгө чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан бардык кыргызстандыктарга жана Өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жашоо шарттары менен таанышуу максатында, карындашы менен убактылуу батирде жашап жаткан жабырлануучу Нурбек Солтокеновдон кабар алды.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө авиакырсыктан жабыркаган 12 үй-бүлө убактылуу баш калкалоо үчүн Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы бардык шарты бар батирлерде жашап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий