• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Ысык-Көлдөгү коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн үйлөрдү куруу башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында УКМК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсюла салуу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага Каракол шаарынын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты. Быйылкы жылы бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болот. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен УКМК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак-үйлөрдү куруу белгиленип жатат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Ош шаарында КР УКМК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий