• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муктаржан Халматов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Муктаржан Халматов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигине шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү добуш берген.

Жергиликтүү кеңештин 31 депутаттынын баары добуш берип, 16 добуш алган Халматов шаарынын мэри болуп шайланды.

Буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Рахман Атаджанов 15 добуш менен артта калды.

"Ынтымак" телеканалынын маалыматы боюнча, добуш берүү башталаар алдында Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттардын бирин милиция кызматкерлери алып кетти.

Ага байланыштуу саат 9.00 белгиленген шайлоо кечиктирилди. Муну айрым депутаттар шайлоого тоскоолдук жаратуу деп баалашты.

Пикир

Оставить комментарий