• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муктаж болгон бишкектиктерге көмүр таратылды — мэрия

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. “Ас-Салам” гуманитардык фонду Бишкектин Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү.

Маалыматка ылайык, 150 муктаж үй-бүлөгө ар бирине 10 каптан көмүр тапшырылды, катуу отун таратууга район башчысы Жамалбек Ырсалиев дагы катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашкан. Жетишилген макулдашуулардын алкагында муктаж үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планынын дагы бир пункту аткарылды.

Ошондой эле Ж.Ырсалиев кайрымдуулук жана гуманитардык долбоорлорго фонд тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, фонддун президенти Бакыт Сарыбай уулуна жана менеджери Шариф Аль Аюбиге Ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий