• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муктаж үй-бүлөлөргө бекер отун берилет

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы муктаж үй-бүлөлөргө бекер отун берет”, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 12-майындагы отурумунда кабыл алынган токтомуна ылайык, 2017-2018-жылдын күз, кыш айларына кам көрүү максатында, “Жашылдандыруу” мекемеси муктаж үй-бүлөлөргө бекер отун таратуу ишин баштады.

Отундар мэрия тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык, муктаж үй-бүлөлөргө, пенсия курагындагыларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кайтарымсыз берилет. Жалпысынан 1 миң 50 куб отун берилет.

Ыңгайлуу болуш үчүн, отун Бишкек шаарындагы төрт райондун тургундарына баскыч-баскычы менен таратылып турат. Бүгүн отунду Ленин районундагы муктаж үй- бүлөлөр алып жатат.

Пикир

Оставить комментарий