• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мумбай шаарында Кыргызстанда ишкердүүлүк кылууга арналган бизнес-форум болуп өттү

Экономика 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрында Мумбайда Кыргызстандын элчилиги Мумбайдагы Дүйнөлүк соода борбору, Бүткүл Индия Өнөр жайчылар Ассоциациясы жана Индия эл аралык бизнес палатасы менен биргеликте уюштурган "Doing business in Kyrgyzstan" бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев, Мумбай шаарынын Дүйнөлүк соода борборунун президенти Виджай Калантри, Бүткүл Индия өнөр жайчылар ассоциациясынын жана Индиянын Эл аралык бизнес палатасынын жетекчилиги, ошондой эле Мумбайдын жана Махараштра штатынын экономикасынын ар кандай тармактарындагы бир катар алдыңкы компаниялар (катышуучулардын жалпы саны 60тан ашык адам болгон).

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Кыргызстанда чет өлкөлүк ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолуп, өзгөчө эмгек шарттарын түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көргөзүлүп жаткан чараларга басым жасады. Мындан тышкары, КРнын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Бизнес форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен соода –экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң кызыгуу көрсөтүштү. Буга байланыштуу суроо-жооптор үчүн өзүнчө сессия уюштурулду, ошондой эле Мумбайдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Мумбай шаары менен Кыргыз Республикасынын ортосунда ачыла элек эбегейсиз перспективалар бар экенин белгилешти жана мындай эки тараптуу иш-чаралар өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоодо жана кеңейтүүдө абдан маанилүү ролун баса белгилешти. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Мумбай шаарынын ортосундагы ушул сыяктуу коммерциялык консультациялар үзгүлтүксүз негизде өтүп турушу керектигин билдиришти. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мумбай шаары Индиянын негизги финансылык жана өнөр жай шаары жана эл аралык байланыштын негизги түйүнү, ошондой эле Индиянын батышындагы ири деңиз порту экенин баса белгилешти. Буга байланыштуу жашоонун темпи абдан жогору жана бардык чечимдер, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты жана соода-сатыкты орнотуу жана чыңдоо боюнча чечимдер абдан тез кабыл алынарын белгилешти.

Мумбайдагы Дүйнөлүк соода борборунун төрагасы В.Калантри белгилегендей, иш-чаранын негизги максаты- кыргыз-индия эки тараптуу кызматташтыгын ар түрдүү тармактарда бекемдөө. Ал, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун зарылдыгын белгиледи.

Индиянын эл аралык бизнес ассоциациясынын президенти М.Сингх Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү Мумбайдын бизнес чөйрөсүндө чоң кызыгууну жараткандыгын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу, экономиканын айрым секторлорунда кызыкдар болгон бир катар максаттуу кыргыз-индиялык эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Иш-чаранын жана өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, 2021 –жылдын ноябрында Мумбай шаарынын бизнес-делегациянын Кыргыз Республикасына текстиль өнөр жайы, тоо-кен тармагы. Энергиянын альтернативдүү түрлөрүн колдонуу, баалуу таштарды жана алтынды экспорттоо / импорттоо ж.б. тармактар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча иш сапарын уюштурууга макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий