• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мумбайда жаратылыш кырсыгынан 31 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Индиянын Мумбай шаарында жекшемби күнү нөшөрлөгөн жаандан улам болгон жер көчкүдөн кеминде 31 адам көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазып чыкты.

Мумбай Чембур жергесинде 21, Вихроли аймагында дагы 10 адам каза тапты. Издөө, куткаруу иштери түнү менен жүрүүдө.

Мумбай аэропортунда бир күндө 250 миллиметрди түзгөн жаан жааган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, үй, унааларга, бүтүндөй районго зыян келтирген.

Пикир

Оставить комментарий