• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мунайдын сапаты боюнча Бажы биримдигинин техрегламентинин күчүнө кириши күйүүчү майлардын бааларынын өсүшүнө алып келбейт

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Мунайдын сапаты боюнча Бажы биримдигинин техрегламентинин күчүнө кириши күйүүчү майлардын бааларынын өсүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, бааларга 3-4 пайыз түзөтүү кириши мүмкүн. Орозбеков бүгүнкү күндө Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалардагы дүң баа көтөрүлгөнүнө байлныштуу күйүүчү-майлоочу материалга коюлган баа көтөрүлүп кеткенин айтты.

Ал белгилегендей, ЕАЭБдин Кыргызстандан башка бардык өлкөлөрү үчүн мунайдын жана мунай заттардын сапаты боюнча техрегламенттер 2018-жылы күчүнө кирген.

“Буга байланыштуу “Газпром” компаниясы биздин өлкөгө сапаттуу бензин алып келүүдө”, - деди ал.

Кыргызстан техникалык регламентти кабыл алууда эгер мунайды кайра иштетүүчү ишкана тиешелүү сертификаты бар болсо, ички колдонуу үчүн же ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн тышкары экспорттоо үчүн бензин чыгара ала тургандыгы тууралуу кошумча жобону айткан.

Пикир

Оставить комментарий