• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мунайзат жана текстиль – Кыргызстандын өнөр жайынын өсүшүн эмне камсыздады?

Экономика 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүн чыгаруунун көлөмү 167 миллиард 981,6 миллион сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсеби боюнча былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу көрсөткүч 4,7 пайызга төмөндөгөн.

“2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү металл кендерин казып алуунун 65,9 пайызга кыскарганы менен, баалуу металлдарды өндүрүүнүн 8,9 пайызга төмөндөшү менен шартталган”, - деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев ведомстводо өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда алдын ала эсептер көрсөткөндөй, өндүрүштүн көлөмү 1,6 пайызга өскөн.

“Мунайзат өндүрүшүн чыгаруунун 28,7 пайызга, текстиль өнөр жайынын 28,4 пайызга, кийим-кеченин 21,2 пайызга, резина жана желим буюмдардын, курулуш материалдардын 15,8 пайызга өсүшү камсыздалган”, - деп кошумчалады Оросбаев.

Пикир

Оставить комментарий