• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муниципалдык мүлк ижарага онлайн-аукцион аркылуу гана берилет – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кызматтардын ишин санариптештирүүнү улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча онлайн-брифингде мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев отчет берди.

“Азыркы учурда башкармалыктын ишин санариптештирүү кызуу жүргүзүлүүдө. Бардык муниципалдык объектилер тууралуу толук маалымат жайгаштырылган автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги белгилегендей, 26-августка карата бирдиктүү реестрге 2 миң 971 объект киргизилди, анын ичинен 622си мэриянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, 94ү коомдук уюмдарга жеңилдик менен колдонууга, 200 объект ижарага берилген. Калгандарын аялдама комплекстери жана турак фонддору түзөт.

“Муниципалдык мүлктү ижарага алуу https://etp.okmot.kg/ сайты аркылуу электрондук аукцион аркылуу жүргүзүлөт. Санарип реформа шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын көрсөтүп, жеткиликтүү болуп, коррупцияны азайтат. Алгачкы 38 объект: төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары, төлөө терминалдары, кичи футбол аянтчалары жана башкараларды орнотуу үчүн чакан жерлер электрондук соода аянтчасына жайгаштырылган. Кийинчерээк дагы ири объектилер жайгаштырылат”, - деп маалымдашты муниципалдык башкармалыктан.

Белгилей кетсек, муниципалдык мүлк башкармалыгы – бул Бишкек шаарындагы муниципалдык менчик объектилерин жана жер тилкелерин башкарган бөлүм.

Бишкек мэриясы онлайн-аукциондорго катышуу үчүн толук маалыматты жана кеңешти 61-49-59, 61-40-79 номерлери аркылуу алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий