• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муниципалдык онлайн-аукцион старт алды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда саат 10:00дө Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы 38 объект электрондук соода аянтчасына (https://etp.okmot.kg/) жайгаштырылган, бул төлөө терминалдары, төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, кичи футбол талаалары жана башкалар үчүн анча чоң эмес аянтчалар.

"Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырабыз. Сиз мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз толугу менен ижарага ала аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Facebook: https://www.facebook.com/umibishkek/

Толук маалымат жана кеңеш үчүн байланыш телефону: 61-49-59, 61-40-79

WhatsApp: 0 772 665 787

Пикир

Оставить комментарий