• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Мурас-Ордо” конушунда трансформатордук көмөкчордондор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкектеги “Мурас-Ордо” конушунда трансформатордук көмөкчордондор орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 630 кВА шаардык типтеги (ГКТП) беш коплекттик трансформатордук көмөкчордондор төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде орнотулууда: 16чы жана 12чи, 17чи жана 10чу, 15чи жана 14чү, 18чи, 22чи жана 11чи.

Белгилей кетсек, бул иштер борбор калаанын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын буйругу менен 6,4 млн сомго «Бишкекэлектр» подряддык мекемеси тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Каражат шаардык бюджетте каралган.

Пикир

Оставить комментарий