• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Мурас” турниринин финалында президенттин командасы депутаттар менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 05.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин жарым финалында "Ыйман" менен "Жогорку Кеңеш" командалары оюн өткөрдү. Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Беттеш 5:1 эсебинде "Жогорку Кеңеш" командасы "Ыйманды" утуп, финалга өттү. Достук мелдешинин 4-майдагы оюнунда жарым финалга "Президенттин администрациясы", "Алга", "Ыйман" жана "Жогорку Кеңеш" командалары өткөн.

Жарым финалдын алгачкы оюнунда “Президенттин администрациясы” командасы "Алганы” 4:0 эсебинде артта калтырды. Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган. Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшүүдө.

Командаларды тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак тартуу аземи өтүп, ага ылайык, 4 тайпа түзүлгөн:

- А тайпасы: “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш”;

- В тайпасы: “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман”; -

С тайпасы: “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар”;

- D тайпасы: “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер”.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий