• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мурас, жер жана үй-бүлөлүк маселелер басымдуу. Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 15-декабрда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, декада 6-декабрда башталып, 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган.

Нет описания.

“Өлкө боюнча 34 акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштеп, жалпы 6 миң 579 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле 477 жаран адвокат менен камсыздалды. Адвокаттардын 324ү кылмыш иши боюнча, 153ү жарандык маселелер боюнча дайындалды. Эң көп кайрылгандар Ош облусунда катталды”, - дейт министрдин орун басары.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков кайрылган жарандар мурас, жер жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча көп кайрылганын маалымдайт.

Нет описания.

“Юридикалык жардам берүү борборлоруна Бишкек жана Чүй боюнча 1 миң 500дөн ашык, Ошто 2 миңден ашык, Жалал-Абадда 1 миң 200, Таласта 640, Ысык-Көлдө 304, Нарында 490, Баткен боюнча 250 адам кайрылды. Жаш курагы боюнча 20 жашка чейин 256, 20-35 курактагы 1 миң 944, 36-60 курактагы 3 миң 179, 60 жаштан жогору 1 миң 200 адамга жардам берилди. Анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 1 миң 309 адамга, 1 миң 432 пенсионерге, 2 миң 624 жумушсуз адамга, 1 миң 137 жумушу бар жаранга, 45 жашы жете элек өспүрүмгө, 32 майыптыгы бар жаран укуктук жардам менен камсыз болду”, - дейт ал.

Калбеков декада аяктаганы менен калкка акысыз укуктук жардам берүү иши уланарын айтып, 34 борбор саат 9:00дөн 16:00гө чейин иштей турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты — калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий