• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мурат Байдылдаев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Мурат Байдылдаев Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Байдылдаев Мурат Курманбекович 1965-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Калинин айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1982-1988-жылдарда К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган, эмгек жолун 1988-жылы Жданов атындагы колхоздо гидротехник болуп иштеп баштаган.

1997-жылы Ысык-Ата районунун айыл чарба башкармалыгында башкы агроном.

1998-жылдын май-ноябрь айларында Кант райондук мамлекеттик администрациянын агрардык жана жерди реформалоо борборунун директору.

2005-2007-жылдарда Ысык-Ата районунун агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси.

2007-2017-жылдарда Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы.

2017-2021-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий