• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурат Баймулдинов Грецияда өткөн мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 25.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык Мурат Баймулдинов Грецияда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу европа самбосу федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Салоник шаарында (Греция) 20-22-октябрь күндөрү өткөн.

Маалыматка ылайык, 48 комплект медаль ойнотулуп, 18 өлкөдөн 270 спортчу катышкан.

Кыргызстандын курамасында 3 спортчу болгон.

Баймулдинов 71 кг салмакка чейинки спортчулар арасында беттешке чыккан. Аталган категорияда биринчи орунду украиналык Александр Куспыш уткан.

Пикир

Оставить комментарий