• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурат Осмонов Бишкектин Свердлов районуна аким болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер, ошондой эле ал билими боюнча юриспруденция факультетин аяктаган. Буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болгон.

Мурдагы аким Самарбек Болотбеков башка ишке кеткенине байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий