• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мурат Суталинов бошотулушу мүмкүн. Анын саламаттыгы начарлаган

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук кызматынын (учурда УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталинов ден соолугунун начарлаганына байланыштуу бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, Мурат Суталиновду бошотуу боюнча документтер Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна өткөрүлгөн. Чечим жакынкы күндөрү кабыл алынат.

"Суталинов кезектеги химиялык дарыланууну өтүп жатат. Ал жазаларды өтөөдөн бошотула турган адамдардын катарына кирип калууда. Мурат Суталинов атайын комиссиядан, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинен өткөн", - деди Дүйшембиев.

Пикир

Оставить комментарий