• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы милбек Абдыкадыров кол койгон. "Аким КРнын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматы аркалап келген. Президент 31-мартта кол койгон тескеменин негизинде Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий