• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

««Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев аталган кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий