• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мурда пайдаланылган катализаторлорду экспорттоого жарым жылга тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

- Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду;

- ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын;

- ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий