• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мурда соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Мурда соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден билдиришкендей, министрликтин Тергөө кызматына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш адамга карата чара көрүүнү суранган. Тергөөнүн маалыматы боюнча ушул жылдын август айынын башында Каракол шаарында белгисиз адам жабырлануучунун 58 миң сомдук "Айфон" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп тартып алган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, тоноо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде министрликтин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары Каракол шаарында жашап келген мурда соттолгон А.А. аттуу жаран кармалган.

Министрликтен билдиришкендей, кармалган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Соттун чечими менен шектүү жаран камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий