• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президенттик шайлоого катышат

Саясат 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. “Адам укугу” партиясынын съездинде мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун президенттикке талапкерлигин коюу колдоого алынды.
Турсунбек Акун өзү билдиргендей аны партия мүчөлөрү толугу менен колдоп, “Адам укугу” саясий партиясынын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.
“Учурда юристтер документтеримди даярдап жатышат. Мен партиянын съездинин протоколун жазып жатам. Эртең БШКга тиешелүү документтерди тапшырабыз”,-дейт Акун.
Анын айтымында президенттикке ат салышып жаткан партиялардын көптүгүнө карабай алар президенттик шайлоого катышууну чечишкен.
Ал эми күрөөгө коюла турган каражат тууралуу суроого Акун, үйүн күрөөгө койгонун билдирди.
Эскерте кетсек, БШКнын расмий маалыматына ылайык президенттикке талапкер болгондордун саны 16га жеткен:
- «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов,
- “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев,
- “Аурдин” ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаев (“Кыш болбойт” фразасынын автору),
- “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев,
- “Коомдук анализ институту” КУ директору Рита Карасартова,
- “Маро” (Латвия) латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов,
- Борбор Азия эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева
- Экс-премьер-министр Темир Сариев - Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу
- БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков
- “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев
- “Республика Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов
- Замира Муратбекова – пенсионер (өзүн өзү көрсөткөн);
- Санжарбек Энназаров – убактылуу иштебейт (өзүн өзү көрсөткөн);
- Сагынбек Абдрахманов – “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы (өзүн өзү көрсөткөн);
- Мукар Чолпонбаев - экс-депутат (өзүн өзү көрсөткөн).
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий