• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Пара алуу фактысы боюнча кармалган мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Бейшеналиевге карата 110 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

2022-жылдын 27-сентябрында КРнын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индиянын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн өлкөнүн жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ошол кездеги билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда А. Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 миң 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө А. Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Ал эми А. Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий