• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы депутат Максат Сабиров “Кумтөр” иши боюнча сурак берди

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров “Кумтөр” иши боюнча УКМКда сурак берди. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

“Мени күбө катары суракка алышты, анткени 2012-2013-жылдары “Кумтөр” боюнча комиссиянын мүчөсү болгом”, - деди ал.

Ошондой эле, экс-депутат сурактын чоо-жайын айта албай турганын белгиледи.

Мындан мурда “Кумтөр” кенин иштетүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдор кармалып, 2 айга камакка алынган.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдер кармалышкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө "Centerra Gold Inc." компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу "Кумтөр Голд Компани" компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр Голд Компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Калдыктарды мөңгүлөрдө сактагандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компани” компаниясына 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, бул 3,2 миллиард долларды түзөт. Дагы 1,2 миллиард доллар - төлөнө элек салыктар. Жалпысынан компанияга карата каржылык талаптардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий