• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги факторлорун атады

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулары жана өкмөттүн аппаратынын эмгек жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жакшыртууга жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталгандыгын белгилеген.

«Социалдык-экономикалык маселелер топтолуп, ондогон жылдар бою чечилбей келген, аларды кыска убакытта чечүү мүмкүн эмес. Туруктуу өнүгүү үчүн өлкөдө коомдук-саясий туруктуулук, саясатсыз экономика, анын албетте, күчтүү кадрлар керек», - деди Абылгазиев.

Мурдагы өкмөт башчы Кыргызстандын келечеги кең экенин да айткан.

«Жаратмандык натыйжаларга жетүүдө колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын президентине жана Жогорку Кеңешитин төрагасына, депутаттарга ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, жарандардын кызыкчылыгы, өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү – бардык рангдагы жетекчилердин ишинин негизи болууга тийиш экенин айткан.

«Реформаларга бүгүнкү күндө эч кандай альтернатива жок. Биз өлкөнүн бардык ресурстарын жана мүмкүнчүлүгүн экономикалык маселелерди чечүүгө гана жумшашыбыз керек. Системалуу өзгөрүүлөргө алып барган иштер уланарына ишенем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий