• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Молдовановкадагы абакка которулду

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. 23-сентябрь күнү мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесине которулду.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, Исаков КР Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык которулган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий