• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши боюнча тергөө аяктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.18. / Кабар/. Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.

Анын айтымында, азыр иштин материалдары менен таанышуу болуп, андан кийин иш сотко өткөрүлөт.

“Иш көлөмдүү болгондуктан аны менен таанышуу канчага созулат айта албайм”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматынан кетиришкен.

Кийинчерээк ал бир нече кылмыш иштери боюнча шектүү катары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий