• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Райондук соттун маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 28-январында Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, аны 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, мурдагы өкмөт башчы мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий