• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаева А. Батукаевдин иши боюнча кармалды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине укук коргоо органдарынан ырасташты.

Аны кечээ сурактан кийин кармашкан. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына азырынча байланыша алган жокпуз.

"Кабар" агенттигине Жогорку соттон билдиришкендей, бүгүн иштин материалдары келип түшкөндөн кийин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Саламаттык сактоо министрлиги, Сагынбаева эмгек өргүүдө экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон. Бирок, 2013-жылы Азиз Батукаевге ак кандуулук диагнозу коюлган. Ал оор дартка чалдыккан деген тыянактын негизинде камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал камактан чыккандан кийин "Манас" аэропортуна келип, Россиянын Грозный шаарына (Чечня) жеке учак менен учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий