• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Айыпталуучулардын баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум уланууда.

Соттук отурумда териштирүүнүн жана айыпталуучулардын баш коргоо чарасынын мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартылды.

Айыпталуучулар сотко алып келбегендиктен отурум болгон жок. Кийинки отурум 7-июлга белгиленди.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий