• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши. Элебаев көчөсүндөгү үйдө жашаган тургундар сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19 /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда Свердлов районундук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча соттук отурум уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөр сурак берип, күбөлөрдүн биринин айтымында, ал 2017-жылы батир сатып алуу үчүн Жалал-Абаддан Бишкекке келген. Ал тууганы менен батирлердин жарнамасын көрүп калып, аны көрүүнү чечкен.

"Мага батирди көрсөтүшүп, аны жактырдым. Алдын ала 15%ын төлөшүм керектигин айтышты. Анын аянты 72 чарчы метрди түзүп, 1 чарчы метри 550 доллардан болгон. Батирдин баасы 50 миң 765 долларды түздү. Мен акчаны "Дастан" компаниясынын кеңсесинде төлөчүмүн. Ал жакта Виктор иштечү. Ал жерде мөөр басылып, квитанция берилчү. Кийинчерээк мени менен келишим түзүштү. Бир нече убакыт өткөндөн кийин техникалык паспорту даяр экенин айтышты. Батир камакка алынганын жакында эле билдим. Мени Свердлов райондук сотуна жана УКМКга чакырышып, ал жактан менин үйүм камакка алынганын билдим", - деди ал.

Ал белгилегендей, "Дастан" компаниясынын кеңсеси батирлер сатылган үйдө жайгашкан. Документтерди толтуруу ишин Виктор аткарчу.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренеси боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий