• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Күзөт агенттигинин директору суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөр сурак берүүдө. Азыркы тапта күзөт агенттигинин директору суралды.

"Даймонд ситиге" байланыштуу бизде белгиленген аймактагы тартипти кароо милдети болгон. Биз 3 объект менен келишим түзүп, алардын экөө 1 ЖЧКга, бирөөсү башкага түзүлгөн. Так эсимде жок, бирок, биз "Даймонд сити" менен иштеш үчүн БЛС менен келишим түзгөнбүз. Бир жолу топ адамдар келип, соттун чечими бар экенин жана биз кетишибиз керектигин айтышты. Биз, алар сот аткаруучу менен келмейинче кете албай турганыбызды билдирдик. Кимдер келгени так эсимде жок. Келген кишилер соттун чечимин көрсөтүп жатышкан. Алардын айтымында, жер алардын ээлигине өткөн. Кийинчерээк биз менен келишим токтотулган. Бизге айтышкандай, ал аймакты башка адамдар алышкан", - деди ал.

Күбөнүн айтымында, ал объектти ким алганын жана күзөт иштерин ким аткарганын билбейт.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Маалыматка ылайык, Жаркеева сот болуп турган кезде кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып жана алардын кызыкчылыгына иштеп, курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп алуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий