• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Отурум жактоочунун өтүнүчү менен жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Арабаевдин көрсөтмөлөрү менен таанышып чыгуу үчүн отурумду жылдыруу боюнча өтүнүч келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырган. Кийинки отурум 14-сентябрда өтөт.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий