• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Отурумда эксперт сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 28-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум болуп өттү.

Отурумда эксперт Абыласанов М.Д.. сурак берди. Башка күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу отурум 29-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий