• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Сотко кол тамга боюнча адис келди

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум уланууда.

Соттук отурумга мамлекеттик кол тамга боюнча адис келди.

“Биз экспертиза жүргүзгөнбүз. Ал УКМКнын базасында жасалган. Экспертиза комиссиялык түрдө болуп, ага 3 эксперт катышкан. Материал катары Воиновдун кол тамгасынын үлгүлөрү жана эксперименталдык үлгүлөр болгон. Экспертиза макулдашуу боюнча жүргүзүлгөн. Ал документ өзүнчө берилген болушу мүмкүн. Изилдөөнүн экинчи объекти 3-октябрь 2012-жылдыкы. Макулдашууларда кимдин колу турат деген суроо болгон. Биринчи тыянак: макулдашуулардагы кол тамга бир кишиге таандык. Ал киши − Воинов”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий