• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Соттук отурум 16-июнга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.20 /Кабар/. Бүгүн, 26-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум болуп өттү.

Соттук отурумда жактоочу тарап Жаркееванын жактоочусу башка соттук процесске байланыштуу бош болбогондуктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирип, ал өтүнүч канааттандырылды.

Кийинки отурум 16-июнь күнү болуп өтөт.

Андан тышкары күбөлөрдү күчтөп алып келүү маселеси көтөрүлдү. Бирок ал маселе ачык бойдон калды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий