• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши. Жактоочулардын келбегенине байланыштуу сот отуруму жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 25.10.19 /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда Свердлов районундук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурумга жактоочулар келбегендигине байланыштуу ишти кароо жылдырылды.

Кийинки отурум 29-октябрь күнү өтөт.

Сот белгилегендей, эгер жактоочунун айынан дагы бир отурум болбой кала турган болсо, жактоочуну алмаштыруу маселеси көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренеси боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий