• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековду УКМК суракка алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суракка алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, парламенттин мурдагы төрагасы Жогорку Кеңештин кызматкери Арсен Закировго карата Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 2 млн 61 миң сом бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алуусу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суралган.

“Өз көрсөтмөлөрүндө вице-премьер Аскарбек Шадиев ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп турганда ошол кездеги парламенттин спикери Турсунбековдун атына каражаттардын ыйгарып алынышы тууралуу кат жазганын билдирди. Депутат ушул боюнча суралды”, - деп түшүндүрүштү атайын кызматтан.

УКМКдан Шадиев менен Турсунбековду беттештиришкенин кошумчалашты.

Мындан тышкары бюджеттик каражаттарды өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча Турсунбековдун мурдагы жардамчысына да айып тагылганы маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий