• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 15-ноябрь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Прокуратура алардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартууну суранган. Алар билдиргендей, оор кылмыш жасалган жана айыпталуучулардын чарасын өзгөртүүгө негиз жок.

Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, айыпталуучулардын баш коргоо чарасы дагы эки айга узартылгандыгын билдирген.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий