• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мурдагы судья Жаркееванын иши. БЛС компаниясынын мурдагы эсепчиси сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 15-ноябрь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумда күбөлөрдөн сурак алуу процесси уланууда. Учурда БЛС компаниясынын мурдагы эсепчиси көрсөтмө берип жатат.

“Мен ал жерде 2017-жылдын октябрь айынан тарта убактылуу эсепчинин кызматында иштеп, алып-сатуулар боюнча келишимдерди камдачуумун. Мен канча келишим камдаганым азыр эсемде жок, анткени арадан эки жыл өттү. Биздин кеңседе Виктор, Асель отурушчу, кийин юрист пайда болгон. Мамкаттоо кызматында алып-сатуу келишимдерин Виктор камдап, мага алып келип берчү. Кийин биз Максат менен аларды банктан даярдачубуз. Акчалар касса аркылуу өтөт эле. Аларды Виктор алып келчү. Акчаларды мен кардарлардан түздөн-түз алчу эмесмин. Тапшырмаларды Виктор берчү. Алдыдагы келишим тууралуу айтып, документтерди камдоого буйрук берчү. Банкта берилген документтерде акчалар кардарлар компаниянын эсебине батир сатып алуу үчүн салынгандыгы жазылган болчу”, - дейт күбө.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий