• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-февраль күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Элебаева №2 көчөсүндөгү үйдүн жашоочулары көрсөтмө беришүүдө.

“Менин жолдошум батирди 2016-жылы сатып алган. Биз ал убакта али баш кошо элек эле. Кымбат эмес батир сатылып жаткандыгы тууралуу жолдошума тааныштары айтып, ал унаасын сатып, ошол батирди алган. Документтер боюнча ал жакта 122 м2 болсо, чынында 97 м2 болуп чыкты. Батир 67 миң долларга сатылып алынган. Келишим БЛС компаниясы менен түзүлүп, бөлүп төлөө келишими менен алынган. Башында 10 миң доллар берилип, тил кат жазылган. Акча толугу менен төлөнгөндөн кийин техникалык паспорт берилип, тил катты алып кетишкен. Төлөгөндүгүн аныктоочу документте батирдин толук баасы көрсөтүлгөн эмес, батир камакка алынгандыгына байланыштуу биз аны ала албай калдык. Батир соттун чечими менен алынган. Эмне себептен андай болгондугу мага белгисиз”, - дейт күбө.

Башка күбө билдиргендей, алар батирди 2017-жылы сатып алышкан. “Бир жылдан кийин алар алып/сатуу тууралуу келишимди алышкан. Менде колумда техникалык паспорт, келишим жана баардык төлөмдөр тууралуу кагаздар бар. БЛС компаниясы тууралуу мен документтерди алгандан кийин гана билдим. Менден тышкары бул риэлтор аркылуу дагы көп сатып алуучулар келишим жүргүзүшкөн”, - дейт ал.

Күбө билдиргендей, батирди камакка алуу, анын жашоосуна терс таасир тийгизүүдө, анткени кийин ал батирди сата албай калат.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий