• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумда ишти кароо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ишти кароону 2 айга узартуу жана айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Прокурор баш коргоо чараны 2 айга узартууну суранган. Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, айыпталуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырып, ишти кароо мөөнөтүн эки айга узарткан.

Андан тышкары, судья Воиновдон күбө катары сурак алуу маселеси тууралуу да чечим чыгарган. Сот Воинов жана Зизазиевдерди күбөлөрдүн тизмесинен алууга негиз жок экендигин айтып, алар сурак беришээрин билдирген. Төрагалык кылган сот баса белгилегендей, суроолор ушул кылмыш иштин тегерегинде берилип, өзүнчө бөлүнгөн өндүрүшкө тиешеси болбойт.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий