• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Сот эксперттен сурак алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум болуп өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө сот А.М., аттуу күбөдөн сурак алды. Ал эми башка күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу отурум 25-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий