• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Сот күбө Воиновдон кайрадан сурак алуу маселесин көтөрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Жыйында күбө Воиновдон сурак алуу мүмкүн эмес экендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар өз кезегинде өтүнүч келтирген.

“18-февраль күнү Воиновду сурак берүүгө чакыруу тууралуу өтүнүчтү сот канааттандырган. Баардык катышуучулар өз макулдугун беришкен. Бул расмий түрдө протоколго киргизилген. 3-март күнү Воинов жана анын жактоочусу ал тергөө менен келишим түзгөндүгүнө байланыштуу сурак бере албай тургандыгы тууралуу билдиришкен. Биз аны тастыктайбыз. Ошол себептен иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Жактоочу тарабынан келтирилген өтүнүчтөр негизсиз жана ойдон чыгарылган деп эсептейбиз”, - дейт прокурор.

Ал кошумчалагандай, бөлүнгөн иш купуя иш эмес.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип кеткен.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий