• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы транспорт министри Сулаймановго карата иш токтотулду. Ал издөөдө жүрөт

Коом 0

Бишкек, 30.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Мурдагы транспорт министри жана парламенттин депутаты Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши анын издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш жана бажы органдарында тергөө жана ыкчам-издөө ишмердигин көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Абай Молдокматов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго карата 2012-жылы КР КК 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыпталып кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2007-жылы Сулайманов тендер өткөрүүдө өзүнүн туугандарына таандык бир нече компаниялардын кызыкчылыктарын жылдырган.

2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий