• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мурдагы ТТБ аймагында жарандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн автономдуу обсервация даярдалды

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн балансында турган мурдагы Транзиттик ташуу борборунун (ТТБ) аймагында жарандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн автономдуу обсервациялык зона даярдалды. Бул тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (КИМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР КИМКнын Турак жай пайдалануу кызматынын өздүк курамынын күчү менен жалпы аянты 5,5 миң чарчы чакырымды түзгөн эки кабаттуу алты курулушка капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Алардын экөөсү 44 адамга ылайыкташкан реанимациялык бөлүм, үчөө дарылоо-терапевдик бөлүм, ал эми 104 адам баткан (52 комнаталуу) медициналык персоналдар үчүн бир курулуш каралган.

220 жабдуулары менен 400 койка орундуктагы палаталар калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн толугу менен жабдылган. Ар бир палатада борборлоштурулган кислороддук система, кондиционерлер, жуунучу бөлмөлөр орнотулган.

Бүгүнкү күндө обсервациялык зонанын бардык сырткы аймактары жарыктандырылып, ички жолдорго бетон төшөлдү. Электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күчтүүлүгү 1000 кВт. трансформациялык көмөк чордону орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий